www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Тынчтык Ураимович, үч депутат судьялардын статусу жөнүндөгү конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатасыздар. Сиздин оюңузча судьяларды тандоодо негизги критерий эмне болуш керек? Билимиби, кесипкөйлүгүбү, же жүрүм-турумубу?

- Ал жерде бүт баары болушу керек. Биринчиден, билим. Тажрыйба андан бетер маанилүү. Жүрүм-турумунда да терс көрүнүштөр болбоого тийиш. Соттор - бийликтин бир бутагы. Алар коомго үлгү болушу зарыл. Азыр болсо көрүп атпайбызбы, баары эле үлгү деп айтыш кыйын. Арасында өздөрү мыйзам бузуп жаткандары да бар.

- Мас абалда рулга отурган жалалабаддык судья мисалы...

- Президенттин жарлыгы бар, мамлекеттик кызматкерлердин этикасы жөнүндө. Ошол жерде алардын жүрүм-туруму кандай болушу керек экендиги бүт жазылган. «Башкаларга үлгү болуп, жаман көрүнүштөргө кабылбашы керек» деген норма бар. Мамлекеттин атынан чечим чыгарып аткандан кийин өзү ошого татыктуу болушу керек. Бул талап жалгыз эле сотторго эмес, прокурорлорго, милиция кызматкерлерине да тийешелүү.

- Сиздер сунуштап жаткан өзгөртүүлөр судьялардын сапатына канчалык деңгээлде таасир эте алат деп ойлойсуз?

- Конкурстун жыйынтыгы боюнча эң көп балл алган талапкер президентке сунушталат. Тийешелүү балл ала албай калган талапкерлер бир жылдан кем эмес мөөнөт өткөндөн кийин гана судьялардын башка бош кызмат ордуларына конкурстук тандоого катышууга укуктуу. Башкача айтканда, төмөн балл алган талапкер конкурстук таңдоого бир жылдын ичинде бир нече жолу кайталап катыша албайт.

Керим МУРАС

Булак: “АЗИЯnews”

 

Последние новости