www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ала-Бука РИИБнин кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте район аймагындагы мектептерде атайын жыйындарды өткөрүшүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, жашы жете электер менен иштөө испекциясынын кызматкерлери тарабынан ата-энелерге эрте турмушка чыгуунун терс жактары түшүндүрүлдү. Ошону менен катар мектептен сырткары өз балдарына көзөмөл кылуу, аба-ырайы суук мезгилдерде зарыл жумуш болбосо сыртка чыгарбоо, кооптуу аймактардан чана, лыжа тебүүсүнө жол бербөө керектиги эскертилди. Ал эми окуучуларды кесип тандоодо жаңылбай, мыкты адистиктин ээси болууга чакырышты. 

Жаш өспүрүмдөр арасында достукту, ынтымакты бекемдөө, диний экстремизм, топтошуп мушташуу, укук бузуулардын алдын алуу максатында окуучулар арасындагы маданий жана спорттук оюндар дагы өткөрүлдү. Мелдештердин жүрүшүндө жаштарга милиция кызматкерлери
тарабынан кылмыштуулуктан алыс болуу тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости