www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Евгения Строкова өкмөттү таратып кайра жаңы тандоо керек дейт. Бул тууралуу ал  Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.

Анын айтымына караганда,  медиктер менен мугалимдерди турак жай менен камсыз кылуу жөнүндө  айткан.

«Мен социалдык жактан коргоого алынбаган кесип ээлери — медиктер менен мугалимдерди турак жай менен камсыздоо тууралуу айтып жатам. Алар жатаканадан бөлмө алышканы менен балдарын ал жакка каттата алышпайт. Бул адилетсиздик. Бул маселени чечүү боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлдү. Биз анын курамына депутаттарды киргизүүнү суранган элек, бирок өтүнүчтү аткарышкан жок. Мамлекеттик кызматкерлер эмне деп айткандарын билесиздерби? Алар депутаттарды укпагыла, алар жакында кетишет дешет. Мен өкмөттү таратып, кайра жаңы тандоо керек деп сунуштап жатам. Октябрга чейин убактыбыз бар», — деди депутат.

 

Булак: NazarNews.kg  

 

Последние новости