www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Суу шаарынан алгачкы жолу Грузиянын Батуми шаарына кыргызстандык күйүүчү май (мазут) темир жол аркылуу экспорттоло баштады. 21-январда Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан аркылуу транзисттик жол менен 49 цистерна күйүүчү май жолго чыккан. Ал 33 саатта Өзбекстандын аймагынан чыккан. Транзиттик жол менен пилоттук жүк жеткирүү иши ийгиликтүү ишке ашты. Андан кийин Кара-Суудан Батуми шаарына дагы 49 цистерна мазут жөнөтүлдү.

Бүгүнкү күнгө чейин 2 курам экспорттолду. Дагы бир курам экспортко даярдык көрүүдө. 28-январда Кара-Суудагы станциядан 24 цистерна Грузияны көздөй бет алды. Жүктүн ээси “Кыргызнефтегаз” ишканасы болгон.

Булак: NazarNews.kg  

 

Последние новости