www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу Британиянын ханзаадасы Гарри жубайы экөө британиялык Mail on Sunday таблоиди менен соттошо турган болсо, сотто атасы аларга каршы көрсөтмө берүүгө даяр экендигин билдирген. Бул тууралуу Daily Telegraph гезити жазып чыккан.

Буга чейин Mail on Sunday гезитинде Меган Марклдын атасы Томас Марклга жазган делген кат аталган гезитке жарыяланып чыккан.

 

Бирок катты ханзаада Гарри жана Меган Маркл бурмаланган жана Меганды бир беткей каралоо болуп жазылган деген нааразычылыгын айтып чыгышкан. Ошол себептен 2019-жылдын октябрь айында Mail on Sunday таблоидин сотко берүүнү чечишкендиги тууралуу маалымат таратышкан.

 

Лондон Жогорку сотуна берилген документтерге караганда Меган Маркл менен ханзааданын тою болуп жаткан учурда атасы менен мамилеси начар болгондугу маалым болууда.

 

Mail on Sunday таблоиди эгерде кызы атасын сотко берчү болсо, каттын чыныгы нуска экендигин тастыктоодо Томас Марклдын көрсөтмөсүнө таянаарын билдиришти.

 

Ал эми ханзаада Гарри британиялык бир канча басылмаларды жалган маалыматтарды таратып, келинчеги жөнүндө терс пикир жаратуу үчүн аракет кылгандыкта күнөөлөп жатат.

Эскерте кетсек, Меган Марклдын катында атасына финансылык жактан жардам берип тургандыгы жана экөөнүн мамилеси көптөн бери жакшы болбой жаткандыгы жөнүндө жазган.

 

 

Булак:NazarNews.kg

Последние новости