www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурунку  аялын бычактап өлтүрдү деп шектелген Бишкектин тургуну  кармалды. Бул тууралуу кечээ, 14-январь күнү  күч түзүмдөрүндөгү булактар билдирди.

Маалыматка караганда, ажырашкандарына көп жыл болгон аялдын үйүнө мурунку күйөөсү келип чыр чыгарган. Жыйынтыгында күйөөсү аялын бычактап,  окуя болгон жерден качып кеткен. Жабырлануучу аял көп кан жоготконуна байланыштуу каза болгон.
Жабырлануучунун 8 жана 9 жаштагы балдары жетим калды. 

Шектүү  Свердлов РИИБдин кызматкерлери тарабынан кармалып,  тергөө иштери жүрүп жаткандыгы маалым болду. 

Эске салсак, 2020-жылдын башында эле Баткенде жана Нарында эки аял күйөөлөрүнөн таяк жеп каза болду. Экөөнүн күйөөлөрү камакка алынды. Ысык-Көлдө аялына бензин куюп өрттөгөн эркек да эки айга камалды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости