www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коомдук ишмер Мелис Арыпбек өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына маркум Элмирбек Иманалиевдин кыркылыгы тууралуу пикирин жазып чыкты.

"Бүгүн, Элмирбекке карата  “Дасмия” ордосунда иш чаралар болбой калды – дегенинен, анын жашаган жери Туңгуч – 1 кичи районуна Асан Турсункулов экөөбүз куран окутуп, парзыбызды аткаруу иретинде бардык. Элмирбек жашаган үйдүн короосунда беш-алты боз үйлөр тигилип, элдер агылып келип-кетип жатыптыр. Ал жерде Элмирбектин бир тууган агасы Иманалиев Айдарбек Калилович жана акындын айылдаштары, жакын тууган-туушкандары менен жакындан маек куруп, Элмирбек жөнүндө көптөгөн маанилүү жана кызыктуу маалыматтарды чогултуп, жазып алдым.

Себеби, Элмирбек дүйнө салган күндөн баштап, ал жөнүндө даректүү далилдүү, данектүү китеп жыйнак жазуунун үстүндө маалыматтарды топтоп жаткам. Китептин аты "Элесиң элдин эсинде Элмирбек".

Бүгүн, мен үчүн абдан жемиш күн болду. Абыдан керектүү адамдар менен жолугушуп, дилмаек куруп, алардын даректерин алдым. Элмирбектин атасы Калилдин бир тууган карындашы, 82 жаштагы Сыякат апа менен да жакшы баарлашып, ата-тектерин тактадым. Жээндери Жолдошбек Токобаев менен Марат Орунбаев менен жакшы маек курдум", - деп жазган Мелис Арыпбек.

Белгилей кетсек, маркум Элмирбек Иманалиевдин кыркылыгы 13-июнда өткөн.

Эске сала кетсек, төкмө акын, акын, обончу, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Элмирбек Иманалиев 20-апрелде оорудан улам каза болгон. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости