www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сузакта мойнуна дөңгөлөк илип кордолгон аял күйөөсүнө тосмо арыз жазып берди. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине милициядагы жеке булактар билдирди. 

Социалдык тармактарга аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап, чакалап суу чачып жаткан видео тараган. Бул окуя 2020-жылдын 8-июнь күнү Сузак районундагы айылдардын биринде орун алганы белгилүү болгон. Сузак районунун 51 жаштагы Б.З.  аттуу тургуну үйүндө 47 жаштагы. М.Д. аттуу аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап, чакалап муздак суу чачкан. Анын мындай жоругуна жубайы эки күн бир тууган эжесинин үйүндө түнөп келгени себеп болгон.

Бул окуя Сузак РИИБинин КЖБРине КРнын Жоруктар жөнүндө кодексинин 75-беренеси (Үй-бүлөдөгү зомбулук) жана КРнын Жазык кодексинин 144-беренеси (Уруп-согуп кыйноо) болуп катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Видеотасмадагы Б.З. аттуу эркек киши 11-июнда Сузак РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ал эми 2020-жылдын 13-июнь күнү баш коргоо чарасы каралып, Сузак райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан 15 күндүк мөөнөткө камоо чарасы тандалган. Белгилей кетүүчү жагдай жабырлануучу күйөөсүн кечиргендигин билдирип тосмо арыз жазган. Укук коргоо органдарындагы булактардан белгилүү болгондой, аял жеке жашоосуна кийлигишкен жарандарга каршы чыгып, сабаганына карабастан, күйөөсү менен үй-бүлөлүк жашоосун улантууга ниеттенүүдө. "Бул менин үй-бүлөм жана бул окуя үй-бүлөмдүн урашына себеп болушун каалабайм", - деп айтканы кабарланды. 

Анын тосмо арызы жолдошун жоопкерчиликтен куткарабы деген сурообузга Жалал-Абад ОИИББи аны сот чече турганын маалымдап, учурда тергөө жүрүп жатканын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости