www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайынын 45 жана 28 жаштагы кызматкерлери киши сабаган деп шек саналып жатат. Бул тууралуу ИИМ кабарлады.

Маалыматка караганда, 1-ноябрь күнү ички иштер органдарына Кемин районунун 28 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз арызында автоунаа коюучу жай үчүн эки белгисиз киши сабап кеткенин айткан.

Бул факт Жазык кодексинин 266-беренеси («Бейбаштык») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Териштирүүнүн негизинде шектүүлөр Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайынын эки кызматкери экени аныкталган. Учурда алардын үстүнөн тергөө иштери жүрүп жатат. Эске салсак, Кыргызстанда 1-ноябрда милиция кызматкерлеринин күнү белгиленген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости