www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

2019-жылдын 4-5-ноябрында аба-ырайы кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 5-ноябрда түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарында жаан карга айланышы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.

Андыктан, өлкөбүздүн тоолу унаа жолу менен жол жүрөйүн деп мерчемдеп жаткан айдоочуларга КР ӨКМ төмөнкү чараларды эске алууну сунуштайт:

— КР ӨКМдин Гидрометереология агенттигинин аба-ырайы жөнүндө маалыматты эске алууну;

— тоолу унаа жолдор аркылуу айдап жатканда унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо;

— унаалардын кышкы даярдыкка өткөрүүнү ( дөңгөлөктөрдү кышкы шинага алмаштыру ж.б.у.с.);

— аптечка, чынжырча, күрөкчөнү алып алыңыз.

Өзгөчө кырдал болгон учурда 112 кызматына чалыңыз, чалуу акысыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости