www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы бийликтин «самопал генералдары» Абдил Сегизбаев, Болот Сүйүмбаев, Данияр Абдыкаровдор коомчулукка жаман көрүнүп, саясый куугунтуктарга, коррупцияга, кызмат абалынан кыянаттык менен башкарууларга шектелишип, бирок, мыйзам алдында жооп бербей жүрүшкөнү эмнеси?
Буларга коомчулук баа беришүүдө, сындап атышат, айыптарын чукушуп, жеген-ичкендерин, жадагалса байлыктарына чейин ашкерелешүүдө. Тилекке каршы, бүгүнкү бийлик «лям» дебейт.
Эмесе, адилеттүү бололу, дал ушулардын катарында, ИИМ жетекчиси болгон генерал Улан Исраилов жөнүндө соцтармактарда, интернетте, же эл ичинде жаман сөздөр айтылдыбы? Жок! А эмнеге мындай генералга көңүл бурбайбыз?
Ооба, Улан мырза министр болуп таза, так жана ак ниеттүүлүк менен кызмат кылды. Саясый айыптоолорго, коррупцияга жана буйрук аткарууларга барган жок. Ошон үчүн эл алдында анын жүзү жарык. Көчөдө башын көтөрүп басат. «Атамбаевдин мурдагы кадры» дебей, бүгүнкү бийлик дал ушундай мезгилдин сыноосунан өткөн, таза, ак жүрөк Улан мырзаны кызматка тартып, эл үчүн күчүн алса, баарыбыз ыраазы болот элек.
Себеби, бүгүнкү күндө чынчыл адамдарга суусап турабызда...
Булак: "Азия Ньюс"