www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооба, “заманга жараша адамы” деп айтылгандай, мезгил алга жылган сайын өзгөрүү күч алды. Азыркы адамдар чыдамдары жок болгон үчүн, сөздү кыскартып жазууну туура көрдүм. Эмесе сөз башынан болсун.

Тээ илгери азыркыдай медицина илими жетишсиз болгон үчүн, ок жаңылган жоокерлерди ак никеге каршы иш кылбаган, таза аялдарга аттаткан ырым болгон экен.

Сөзүм супсак болбос үчүн, болгон бир окуяны сиздерге баян кылып, анан калган көздү улайын.

Бир атагы чыккан, эл бийлеген болуштун жалгыз баласы жоого аттанат. Анткени ошол кезде жоокерчилик заман болгон үчүн, эр жигиттин баары элди, жерди коргоп, кол салган жоону карай бет алышкан экен.

Анан ошол болуштун жалгыз баласына ок жаңылып, үйүнө алып келишкенде, Акмаанай деген ок аттаган аялды алдырып жарадар болуп, өлүм менен өмүрдүн ортосунда жан алакетке түшүп жаткан ок жаңылган баланы ак кийизге жаткырып, ок тийген жерин ачып коюшат. Ок аттаган аял даарат алып келип, жарадар жоокерди салт боюнча үч жолу аттамай болот.

Алгач, баланын оң жагына туруп, ичинен бир нерселерди кобурап аттап өтөт, бирок тилекке каршы ок денеден чыкпайт. Акмаанайдын эми дагы эки мүмкүнчүлүгү бар. Бул жолу сол жагынан оң жакты көздөй дагы аттайт. Бул жолу да денеден ок чыкпайт. Эл котолоп карап турат. Баланын атасы да илгери үмүт менен көзүн албай, “баламды аман алып кал” дегенсип, жалдырап турганын көрүп, курга Акмаанай катуу бушайман болот. Буга чейин бир нече жолу ок аттап, биринчи же экинчи жолу аттаганда эле денеден ок чыгып, кылган аракети текке кеткен эмес. Андан дагы бир топ кишинин үмүтүн актаган эле.

Эми минтип октун денеден чыкпаганы катуу ойго салып “Эй, Жараткан, эмне күнөө кылдым. Кетирген күнөөм болсо кечир, ушунча элдин алдында кылган аракетимдин ийгилигин бер. Тийген күйөөмдүн алдында ак элем го? Ооба, өткөндө бээ саап жатып, бээге ашып жаткан айгырды көзүм чалып калды эле. Ошол күнөөмдү кечире көр” деп айтып, үчүнчү жолу  жан алакетке түшүп жаткан жоокердин үстүнөн аттап, артын үмүт менен караганда ок денеден чыгып калганын көрөт да, окту колунун учу менен алып баланын атасына берип, баланы аман алып калган экен.

Ал эми азыркы аялдар ок аттаган болсо, менин жеке оюмда ок денеден чыкмак турсун, кайра теңдеп кирип кетиши толук мүмкүн. Анткени айгырга ашкан бээни эмес, теледен жана телефондон андан башка нерсенин баарын көрүп жаткан аялдар кантип ок аттаганга жарайт.  Айтылат го “аялынан башка аялды кызыгып карап койгон, аялынын көзүнө чөп салганга тете” деп. Ал эми башка эркектин көзүн кызыктырып, моданы бетке кармап абаратын көргөзүп кийинген аял заты, канча эркектин оюн бузуп күнөөгө батып жатат, аны ким билип коюптур. Андыктан азыркы аялдар ок аттамак турсун, ок жаңылган адамдын жанына барган опурталдуу.

Бирок, ар бир айтылган сөздүн туура жагын кабыл алыңыздар. Мен бул жерден жөн гана аруулук жөнүндө кеп кылууну туура көрдүм.

Б.Б.Т.

Булак: NazarNews.kg

< Предыдущий

Последние новости