www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ишенген кожолорубуз түкүрүктүн деңгээлинен жогорулай албай журсө, карызды ким ойломок эле. Караганы беш кодекс, үндөрү таш жарат же жыйынтыгы жок. 

Былтыркы жылдын башында Россия, Кыргызстандын 240 миллион долларлык бересесин кечкенден кийин мамлекеттин карызы азая түшкөн. Бирок, күз айларынан тарта абал өзгөрдү.

  Кыргызстандын мамлекеттик карызы акыркы айларда миллиондогон долларга өсүп бара жатат. Мындай бүтүмгө Финансы министрлигинин сайтындагы маалыматтарды иликтеп жатып көрүүгө болот.

Мисалы, былтыркы жылдын ноябрь айында (акыркы ачык маалымат) мамлекеттик карыз 4 миллиард 477,4 миллион долларды түзгөн. Октябрь айында бул көрсөткүч 50 миллион долларга төмөн болсо, сентябрда андан дагы 62 миллионго азыраак болчу.

Эске салсак, 2018-жылдын январь айында мамлекеттик карыз 4,6 миллиард долларга жеткен. Бирок Россия аласасын кечкенден кийин 4,4 миллиард долларга түшүп калган. Бирок күз айларынан тарта кайрадан көтөрүлө баштады.



Булак: NazarNews.kg

Последние новости