www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бабановду кеп кылбай эле койсокпу?

Ар кандай амалдарга салып “уктап” калган Өмүрбек Бабановду ойготууга аракет кылып көрүштү. Бирок, андан ийкемдүү натыйжа чыкпады. Ал тургай каарманыбыз мага тийишпей эле койгулачы, суранам деген коңгуроосун какты.

Демек, ал өзүнүн бизнес боюнча долбоорлорун күчөтүүгө аракет кылып жатканы сокурга деле билинип турбайбы? Анын үстүнө былтыр шайлоодо кыйла каражаты бошко кетип, ичин сыйрыды. Ошол кеткен миллиондогон жашылбайларды кайра ордуна келтирүү канча нервди жеп, кан басымды көтөрөрүн узун акчанын артынан кубалагандар жакшы билет.

Атаганат, саясат деген кээде оңкосунан түшүргөндө оңбой калат экенсиң. Ага карабастан эле саясатка эрмеше беришет айрым чунактар. Буга Бабановдун окуясын мисалга келтирсек эле жетиштүү болот. Эми мындан ары Өмүрбек Бабанов тууралуу кеп кылуунун деле зарылчылыгы жок окшойт? Анткени азыркы бийлик өкүмүн жасап турганда тырбалаңдоодон майнап чыкпайт. Эл башкарам деген киши суу жүрөк болбош керектиги ушул ирет алаканга салгандай байкалган сыяктуу, же мунун жалганы барбы?

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости