www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кылган күнөөсүн моюнга алып, чет элге качып кеткендерден бир гана Суталинов кайра изине кайтып, сот залына өзү келгени жаамы журтка маалым.
Анткен менен учурунда доорон сүрүп, кыргыз элинин өсүшүнө залакасын тийгизгендердин катарын толуктаганы чын. Анткен менен жүзүндө кызылы болгон үчүн, күнөөсүн сезгени бул жакшы жердин тукуму экенинен белги берип турат.
Убакыттын өткөнүн карагыла, Мурат мырза билинбей, темир тордун артына жети жыл олтуруп койду. Жети жыл айтканга оң болгону менен көп убакытты ичине камтыйт.
Ооба, учурда Суталиновдун ден-соолугу начарлап, абалы оор экени маалым болду. Эх, эгер, ушундай абалга туш болорун билгенде, жамандардын тилине кирип, арам акчага азгырылбайт эле го?
Учурда Ленин райондук сотуна Мурат Суталиновду эркиндикке чыгаруу үчүн арыз жазылган. Буга себеп Суталиновдун ден-соолугу кескин начарлап кеткендиги болууда.
Эмне дейли, ылайым сакайып кет, Мурат мырза, сиздин артыңызда сизди ойлогон жана кечиримдүү элиңиз бар. Болбосо сиздин колуңузду кесегениңиз али элдин эсинде.
Б.Б.Т.
Булак: NazarNews.kg