www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маршруттук таксилер жүрбөй калса, борбор калаадагы калктын орто катмарына бир катар оордук жаратаары айтпаса да белгилүү. Таң эрте жумушка, окууга баруу үчүн аялдамага чыккан жарандарга, студенттерге, жөнөкөй карпайым элге кыйынчылык туудурат.

Бишкектин тургундарын ташыган маршруттук транспорттордун жол акысы көтөрүлүшү ыктымал. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз өкүлү Гуля Алмамбетова кабарлады "Азаттыкка".

- Биз азыркы учурда күйүүчү майдын жана транспорттун тетиктеринин баасы өсүп жатканын көрүүдөбүз. Бирок маршруттук транспорттун жол акысын жогорулатуу жараянын толугу менен монополияга каршы комитеттин талаптарына ылайык, анализ жүргүзгөн соң гана көтөрө баштайбыз. Ал кеминде үч-төрт айга созулат, деген Гуля Алмамбетова коомдук транспорттун жол киреси көтөрүлбөй турганын кошумчалады.

Ал жакынкы арада коомдук транспортко электрондук билет системасы киргизилерин, анда жол акы 8 сомдон өйдө көтөрүлбөсүн айтты.

Бишкек шаарынын жүргүнчүлөрүнө 42 жеке маршруттук компания кызмат көрсөтөт. Бүгүн мэриянын өкүлдөрү ал компаниялар менен жолугуп, аларга да билет алуу системасын киргизүүнү, маршруттук транспортту дезинфекциялап турууну сунуш кылышат. 

Эске салсак, былтыр апрель жана август айында Бишкек шаарынын маршруттук транспорттун айдоочулары ишке чыкпай коюшкан. Бирок, мэрия алардын ордуна башкаларды алабыз деп билдиргенден кийин абал турукташып, айдоочулар кайра ишке киришкен.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости