www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети 15-январдагы жыйынында АКШга, Россияга, Кытайга жана Түштүк Кореяга элчилерди дайындоо маселесин карайт. 

Массалык маалыматтарга чыккан материалдарга ишенсек, Кыргызстандын Кытайдагы элчиси кызматына Канайым Бактыгулова, Россиядагы элчи кызматына Аликбек Жекшенкулов, Түштүк Кореядагы элчиликтин жетекчилигине Динара Кемелова жана АКШдагы элчи кызматына Болот Отунбаевдин талапкерлиги каралууда.

Белгилей кетсек, Кемелова учурда КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары болсо, Болот Отунбаев Кыргызстандын Россиядагы элчиси болуп 2016-жылдан бери иштеп келе жатат. Мындан сырткары, 2017-жылдан тарта Норвегия, Швеция жана Дания мамлекеттеринде Кыргызстандын өкүлүнүн милдетин аткарып келген. 

Ал эми Канайым Бактыгулова буга чейин 2013-2017-жылдары Кыргызстандын Кытайдагы жана Монголиядагы элчиси болуп иштеген. Аликбек Жекшенкулов буга чейин Кыргызстандын Австриядагы элчиси болуп эмгектенип, 2005-2007-жылдары ТИМди башкарган.

Тышкы иштер министрлигинин 2018-жылдын 4-декабрына берген маалыматы боюнча учурда тогуз мамлекетте Кыргызстандын элчиси жок. Алар — Түркия, Кытай, Түркмөнстан, Малайзия, Япония, Индия, Түштүк Корея Республикасы, Афганистан жана Азербайжан.

Белгилей кетсек, элчилер байыртадан бери ардакталып келет, тарыхта согушуп, кырды-бычак болуп келе жаткан уруулар, тайпалар, элдер да бири-бирине элчи жиберет, бири менен бири сүйлөшүп турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости