www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында Кыргыз Республикасынын сот-укуктук реформанын алкагында 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген тартип бузуулар жөнүндө, Пробация жөнүндө Кодекстерин талкуулоо болду.
Талкулоого Ысык-Көл районунун аймагындагы укук коргоо органдары, МАИ кызматкерлери, сот өкүлү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, жергиликтүү кеңештер менен бекитилген Бузуулар жөнүндө иштерди кароо коммиссияларынын мүчөлөрү жана Бузуулар жөнүндө протокол түзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамдары, мамлекеттик, муниципалдык мекемелердин жетекчилери, коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Жыйындын максаты – коомчулук арасында жаңы күчүнө кирген мыйзамдардын мааниси, максаты, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана тиешелүү мамлекеттик органдарынын жогоруда аталган мыйзамдын негизинде иш алып баруулары каралып талкууга алынды.
Андан тышкары бүгүнкү күндө социалдык тармактарда болуп жаткан жаңы күчүнө кирген мыйзамдардан улам, коомчулук арасында ар кыл терс пикирлер, кайым айтышуулар, талаш-тартыштар болуп жаткандыгына байланыштуу Ысык-Көл райондук мамлекеттик алдминистрациясынын башчысы-аким Данир Иманалиев тарабынан жыйындын катышуучуларына жер-жерлерине барып, туура маалымат берүүгө тапшырма берилди.
Булак: NazarNews.kg