www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ташкентте укук коргоо органдарынын кызматкерин сатып алмакчы болгон жаран кармалды. Бул тууралуу өзбек массалык маалымат каражаты ИИББна шилтеме берүү менен жазып чыкты.
Маалыматка караганда 27-январда ОИИББи кызматынын жетекчисинин орун басарына 10 миң доллар пара бермекчи болгон жаран колго түштү.
Милиция кызматкери бул маалымат жөнүндө атайын кызматтагыларга кабар берген.
Буга чейин 30 жаштагы Алиакбар аттуу киши эки ширеңке кутусундагы марихуана менен кармалган. Алиакбар бул кылмышын жашыруу же жок дегенде жазаны жеңилдетүү максатында кызматкерге пара сунуштаган.
Кабар тууралуу бардык далилдер чогултулуп, тиешелүү кызматка өткөрүлгөн.
Натыйжада кызматтык бөлмөдө 30 жаштагы Алиакбар 9, 5 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражатын берип жаткан жеринен кармалды. Мындан сырткары кылмышка шектүүнүн чөнтөгүнөн 500 доллар табылган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, “баңга зат ташуу”, “ баңги зат сатуу” беренелеринин үстүнө “пара берүү” беренеси да кошулду.
Эскерте кетсек, КР да “пара берүү” беренеси бар жана бул аракетке жоопкерчилик каралган.
Булак: NazarNews.kg