www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир туугандарга сот чечими чыкты

2019-жылдын 28-августунда Бишкек шаарынын Жал кичи районунда Жаныбек Бапышев жана Калысбек Сейитбеков аттуу бир туугандар мыкаачылык менен эки жаранды катуу сабап салган. Ал окуя коомдо чоң резонансты жараткан эле. Анда кылмышка шектүүлөр милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, бирок, дароо эле кое берилген. Анда бүтүндөй коомчулук алардын жоопкерчиликке тартылышын талап кылып, милициянын дарегине ачуу сөздөр айтылган.

Көп өтпөй кылмышка шектүү бир туугандар милицияга өздөрү келип, колго түшүп беришкен. Баш коргоо чарасы дагы аныкталган. Эми жакында алардын баш коргоо чарасын узартуу боюнча иш каралып, Свердлов райондук соту аларды 31-мартка чейин тергөө маалында СИЗО №1ги абакта калтырылсын деген чечим чыгарды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости