www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер каякты карайт?

 Мурунку министрлер көктү карай турган, эмки министрлер элди карап калган, бөтөнчө шайлоолордо. «Жегич» чоңдордун атын укса эле көпчүлүктүн дене боюн калтырак-титирек басып дүрбөп кетет. Асыран Айдаралиев деген убагында «Асабаны» аңаа-латкан, эми Финляндияны ыңаа-латкан тапаныбыз бар, ал Жусуп Толтой деген циркачыбыздын өлүмүнө катуу кейип, Кыргызстанды желкемдин чуңкуру көрсүн деп кетип калган.

Цирктин директору Исанаевдин былыктары жөнүндө сөз болуп жатса, ага Акаевдин заманында эле «Агымдын» алы жетпей койбоду беле десе,  Мелис Арыпбек деген агабыз бул маданият министрлерин 25 миң доллар менен чычкандай жөргөлөтүп көнүп калган дейт. Дене бой «дүр» эте түштү. Маданият министри Азамат Капар анын берген «даамынан» ооз тийбесе экен деп. Жаштык деми бар эмеспи Азамат Капар акча үчүн эмес, иш үчүн келгенин бекемдеп кетти. Себеби Исанаевдин  14 жылдан берки былыктары көпчүлүктү тажатып бүтүптүр. Анын кылыктары ФБда чоң талкууну жаратты. Бул талкууга маданият министри Азамат Капар да катышып, бул адамга 18-январга мөөнөт берип, сакалдуу адам сый менен кетсин деген. Цирктин келечеги тууралуу олуттуу ойлор ортого салынды. Бирок, Исанаев маалымат беттерине чыгып, министрди эмне жумушу бар,  18-январда кетем деп өзүм айттым деп, министрди да көөлөй баштады. Ушунун натыйжасында министр көпчүлүктүн суроосу боюнча анын кызматынан алып, жаңы жетекчини 10 күн ичинде командасы келерин билдирди. Министрдин мындай ишти тез чечип бергенине цирктин кызматкерлери төбөсү көккө жетип кубанууда. Ушундан соң бир жыл өттү эмне өзгөрдү?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости