www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Комил Алламжонов менен Саида Мирзиёева Массалык маалымат байланыш агенттигинин директору жана директордун орун басары кызматын жеке иш канада иштөө ниети менен бошотушту. Бул тулурлауу Forbes.kz  Telegram-канал АИМКге шилтеме берип жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Алламжонов менен Мирзиёева кечээ, 29-январда президенттин аппарат башчысы Зайнилобидин Низомиддинов жетектеген чоң жыйында отставкага кетип жатышканын билдиришкен.

Алар агентстводогу жумушуна байланыштуу отчет берип, алдыдагы “коомдук иш чаралар менен байланышкан” келечектеги пландары менен бөлүшүштү.

“Жыйындын аягында Зайнилобиддин Низомиддинов агентствонун жетишкендигин баса белгилеп, Комил Аламжанов менен Саида Мирзиёеванын салымын жогору баалады”,-деп айтылат маалыматта.

Учурда агентствонун аткаруу директору болуп Дилшод Саиджанов дайындалды.

Комил Алламжанов агентствону 2019-жылдын 4-февралынан бери башкарып келген. Саида директордун орун басары болуп өткөн жылдын апрель айынан бери иштеп келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости