www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сокулук райондук милициясынын башчысы Максат Чойбеков аралашкан жол кырсыгын иликтөө максатында , окуя болгон жерге барган ыкчам-тергөө тобунун мүчөлөрү жазаланды. Бул тууралуу, Sputnik маалымат агенттигине  Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкен. 

Маалыматка караганда, 7-декабрь күнү болжол менен таңкы саат 4:00дө Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 18-чакырымында жол кырсыгы болгон.  Анда Чойбеков башкарып бараткан Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаа менен жүк ташыган микроавтобус кагышып, бустун айдоочусу жаракат алып, бир жүргүнчүсү ооруканада көз жумган.
Аталган кырсык боюнча   ИИМ ыкчам-тергөө тобунун иши боюнча ички иликтөө жүргүзгөн.  
“ Кырсык болгон жерге барган милиционерлер тиешелүү милдеттерин аткарбай койгону үчүн жаза алганы айтылат. Бирок кандай ката кетиргени тууралуу белгиленген эмес", — деп мекемеден  билдиришкен.  

Ошондой эле ЖКККБ канча кызматкерге чара көрүлгөнүн да айта алган жок. 

Эске салсак, кырсыктан кийин Чойбеков мас абалында болгон-болбогону боюнча экспертизадан өтүүдөн баш тартып койгон. Кийинчерээк Чүй облустук ИИБисинен анын иштен четтетилгенин кабарлашкан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости