www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Разаков ойноп жүрөбү?

Ала-Бука районунда өзбектер чек арадан кирип келишкени, натыйжада, чыр-чатак чыккан видеолор соцтармактарга тарады. Баягы эле  карапайым жергиликтүү калк чырылдап, жерибизди коргоп  жатышат. Эмне үчүн чек араны көзөмөлдөгөн вице премьер-министр Жеңиш Разаков барып, чыңалган абалды жайгарууга аралашкан жок? Жылуу кабинетте отура бербей, эл менен иштөөнү колго алып, бийликтин аброюн көтөрүүгө салым кошпойт беле? Дал ушундай чечкинсиз, иштин көзүн билбеген кадрлардын айынан артка кетип атканыбыз жалганбы? «Айткандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман» дейт эмеспи. Олуттуу көйгөйлөрдү ачыктасаң эле куугунтукка алуунун кыныгына өтүп алышты! «Ооруну жашырса өлүм ашкерелеген» сыңарындай, кадр саясатында тазалануу мезгили келсе да кечеңдеп атканы өкүнүчтүү.

Булак: АЗИЯnews

Последние новости