www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Британиялык ханзаада Гарри жогорку статус оордук келтирерин эч качан жашырган эмес. Анын келинчеги  да жакында сенсациялык жаңылыкты жарыялады.  Ханзаада Гарри жана анын келинчеги Меган Маркл экөө падышалык үй-бүлө макамынан баш тартышын кечээ, 8-январда  билдиришти. 
Алар падышалык үй-бүлөгө каржы жагынан көз карандысыз болуу үчүн иштешерин, ошону менен бирге ханайым Елизаветтанын алдындагы милдеттерин аткара беришерин айтышты. Билдирүүдө алар Улуу Британия менен Түндүк Америкада убактыларын өткөрүшөрүн жазышкан.  Жубайлар коомдук фонд да түзүшөрүн маалымдашкан.

Эскерте кетсек, ханзаада Гарри менен мурдагы актриса Меган Маркл 2018-жылы 19-майда үйлөнүшкөн. Баш кошушкандан кийин алар Сассек герцогдору деп аталышкан. Падышалык үй-бүлө мүчөлөрүнө ханайым, анын балдары, неберелери Уильям жана Гарри жана алардын аялдары кирет.  Падышалык үй-бүлө алардын үй-бүлөсүн түшүнүү менен кабыл аларын билдиришкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости