www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте алдамчылыка шектүү деп табылган 58 жаштагы Айнагүл Жумабаева аттуу жаран изделүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2019-жылдын 15-июнунда Бишкектик М.С. аттуу тургуну Жумаевага карата арыз менен кайрылган. Анын айтымына караганда, бейтааныш аял жалган ишеним менен "Ак-Ордо" конушундагы тилке жерди берүүгө макулдугун берип, 308 миң сом алып, изин жашырып кеткен.

Аталган факт "Алдамчылык" беренеси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде   катталган.   

"Иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө шектүүгө тийиштүү маалыматтар алынган. Айнагүл Жумабаева 1961-жылы Нарын облусунда туулган. Учурда шектүүгө издөө жарыяланды", - деп айтылат билдирүүдө.

Эгерде кимде-ким   шектүүнү көрүп кала турган болсо ШИИББге   төмөнкүдөй номерлерине   кабарлап коюуңуздар: (0551) 102-129, (0555) 102-670, (0700) 396-505, (0555) 102-898 жана 102.

Подозреваемая в мошенничестве Айнагуль Жумабаева

Булак:NazarNews.kg

 

Последние новости