www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министр баланын тапшырмасын министрлик аткарды

Мектеп окуучусу  Тилеген Рахатбековдун бардык тапшырмалары аткарылды. Бул туурасында Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги   кабарлады.

Рахатбеков 2019-жылдын ноябрь айында «Дети у руля» акциясына катышып, жарым сааттай соцөнүгүүнүн министри болуп иштеген.

Министр Улукбек Кочкоровго мектеп окуучусу дүлөйлөр мектебинин бүтүрүүчүлөрү үчүн аттестация берүү маселесин чечип, окуучулар үчүн шахмат такталарын сатып алып берүү тапшырмасын берген.

Биз бул тапшырмалардын аткарылып-аткарылбасына көз салып турабыз деп убада бергенбиз.

Тилеген билим алып жаткан дүлөй балдардын мектеп интернатында толук орто билим аттестаты берилбейт — балдар 9-класска чейин эле окушат. Анын бүтүрүүчүлөрү мектепти аяктагандыгы тууралуу маалым кат алышат, бирок ал документ менен жогорку билим алуу мүмкүн эмес. Тилеген орто билим тууралуу мектеп аттестатын алгысы келген.

Улукбек Кочкоров Билим берүү министрлиги билим берүүнүн жаңы программасын иштеп чыгаарын жана кийинки окуу жылынан тарта мектеп интернатынын окуучулары толук орто билим ала алышаарын билдирди.

Тилегендин тилеги

Тилеген окуган мектепте буюм-шаймандар жетишсиз ийрим бар. Социалдык өнүгүү минситри  аталган мектепке такталарды жана спорт шаймандарын белеке бергенин кошумчалады.

«Бишкек шаарынын бир ишкери менен чогуу биз аларга болжолдуу бардык комплекттери бар 15 такта, топторду жана башка спорт шаймандарын белекке бердик», — деп билдирди Кочкоров.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости