www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жолугушуу элчи Дэвэндин демилгеси менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин имаратында уюштурулган. Тараптар коронавирус тууралуу талкуулашты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин басма сөз кызматы билдирди.

Элчи абал көзөмөлгө алынганын белгилеп, Кытайга виза берүү чектелбегенин билдирген.

"Кытай өкмөтү оорунун жайылып кетпеши үчүн болгон чараларды көрүп жатат. Вирус менен күрөшүүдө Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жана коңшу мамлекеттер менен тыгыз байланышта болууда", — деди Дэвэнь.


Министр Космосбек Чолпонбаев элчиге ыраазычылык билдирип, чек ара бекеттеринде медициналык көзөмөл күчөтүлгөнүн айткан. Санитардык-карантиндик пункттун адистери Кытайдан келгендерди тепловизордун жардамы менен текшерип жатышканын маалымдаган.

Ошондой эле жолугушууда коронавируска байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялоо туура эмес экени айтылды. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун атайын комитетинин эксперттери да ушундай бүтүмгө келишкен.

Ушул тапта өлкө боюнча вирус жуктуруп алган адамдардын саны 473 адамга жетти. Ал эми коронавирус алгач пайда болгон Хубэй провинциясында алардан тышкары 444 киши ооруп жатат. Кытайда 17 киши коронавирустан көз жумду. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Белгилей кетсек, декабрдын аягында Ухань шаарынын Хубэй провинциясында белгисиз өпкө оорусунун жайылганы байкалган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон.

Коронавирус өзүнө отуздан ашык вирусту камтыйт. Алгач ирет 1965-жылы пайда болгону байкалган. Адамдардын, үй жаныбарларынын, куш, чочко, ири мүйүздүү малдын саламаттыгын жабыркатат. Ооруга чалдыккандарда симптом байкалып, алгач дене табы көтөрүлүп, андан соң жөтөл коштоп жана дем жетпей кыйналышкан.

Эске салсак, Кытайда пайда болгон жаңы вирус Кыргызстанга өтүп кетпеши үчүн кыргыз-кытай чек ара бекеттеринде медициналык көзөмөл күчөтүлгөн.

Учурда дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрү аба майданындагы текшерүүнү күчөтүштү. 22-январь күнү Бишкектеги "Манас" эл аралык аэропортунда Үрүмчүдөн (Кытай) келген жүргүнчүлөр коронавируска текшериле баштады.

 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости