www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШда президент Дональд Трамптын буйругу менен аскерлердин жаңы түрү түзүлдү. Алар Американын кызыкчылыгын космосто коргошот. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.
Кошмо Штаттарда түзүлгөн космостук аскерлердин курамында 200 гана кызматкер бар. Бирок аны камсыздоого АКШнын 2020-жылкы бюджетинде 40 миллион доллар каралган.
Мынчалык көп каражаттын кетишин АКШнын атайын кызматтары Россия жана Кытай тараптан болуп жаткан коркунучтан сактануу айласы катары түшүндүрдү.
"Россия ар дайым космосту аскерлештирүүгө каршы чыгып келген. Бирок ошол эле учурда болуп жаткан жагдайлар бизден дыкат көңүл бурууну талап кылып жатат. Бул орбиталык күч топтоону бекемдеп, жалпы ракета-космос жаатын күчтөндүрөбүз", — деди Россиянын президенти Владимир Путин.
Маалыматка караганда, Россиянын заманбап радиолокациялык станциялары душмандык аскердик спутниктерин зыянсыздандырып коё алат. Абадан коргонуу системалары дагы күчтүү. Андыктан АКШнын космостон үстөмдүк көрсөтөрү боюнча кеп кылууга эрте экени кошумчаланды.
Булак: NazarNews.kg