www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Биринчи май райондук соту аталган гезитти Дары-дармек департаментинин башчысы Гүлмира Шакировага "моралдык чыгым" үчүн 50 миң сом төлөөгө милдеттендирген чечимин 23-январдагы отурумунда чыгарды. Бул тууралуу басылманын башкы редактору Назгүл Мамытова жергиликтүү басылмаларга билдирген:
-Акчалай доодон тышкары редакция чечим күчүнө киргенден тартып он күн аралыгында мурунку маалыматын төгүндөөгө милдеттендирилди. Биз соттун чечимине каршыбыз. Апелляциялык арыз жазабыз.
Назгүл Мамытова басылмага кыска аралыкта байма-бай бир нече доо арыздын берилиши - өзүнүн Социал-демократтар партиясынын саясий кеңешинде мүчөлүгүнө байланыштуу куугунтук деп эсептейт.
Эскерте кетсек, эл өкүлү анын аброюна жана ар-намысына шек келтирди деп гезитти сотко берген. Ага гезитте депутат бир саясий партиядан экинчи партияга өткөндүгү айтылып, аны журналисттер “хамелеон” деп аташканы себеп болгон.
Доо арыз берген учурда депутат алгач моралдык чыгым катары 300 миң сом деп белгилеп, кийин ал сумманы эл өкүлү 1 миллион сомго чейин көтөргөн. Бирок сот анын башындагы талабын гана канааттандыраган.
Басылма депутатка төлөп берүүгө акчасы жоктугун билдирип, өткөн айда «Кожобек Рыспаевге бир сом» деген акцияны уюштурган.
"Ачык саясат" гезити 2011-жылдан бери чыгып келет.
Булак: NazarNews.kg