www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Жаныш Рүстөнбеков – тажрыйбалуу кадр. Мындай билдирүүнү Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков жасады. Буга чейин коом арасында кыргыз-тажик чек арасындагы байма-бай катталган чыр-чатактардан улам Кыргызстандын элчисине катуу сындар айтыла баштаган. Ал эми Чыңгыз Айдарбеков бүгүн анын таламын талашып, элчи бардык маселелерди комплекстүү чечип жаткандыгын айтты. “Ал кадыр-баркка ээ, маселелерди чечип жатат”, - дейт министр Айдарбеков.

Андан сырткары, Чыңгыз Айдарбеков эки өлкөнүн алакасы тууралуу дагы сөз кылды. Анын баамында, 2019-жылы тараптар эки мамлекеттин чек арасындагы ар кандай кырдаалды ыкчам чечип жатты.

-Чек араны делимитациялоо маселеси кечээ келип чыккан жок. Ал 1990-жылдардан бери келаткан көйгөй. Өлкө президенти бул маселеге өзгөчө көңүл буруп, тараптар сүйлөшүүлөрдү активдүү жүргүзүүдө. Учурда делимитациялоо маселелери боюнча Тажикстандын өкүлдөрү Бишкекте жүрөт. Эки өлкө алгачкы жолу жергиликтүү тургундардын сунушун эске алып, участкаларды алмашуу боюнча сунуштарды карап жатат, - дейт ТИМ жетечиси Чыңгыз Айдарбеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости