www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экономика министринин орун басары менен маек.

-- Дастан Курманбекович, кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү декларациялоо киргизилгенден бери он жети жыл убакыт өттү. Кандай дейсиз, бул система бизге эмне берди?

-- Азыркы учурда 455 миң киши декларация тапшырууда. Биздин мамлекет бюджетти салык менен толуктайт да. Андыктан, бул жалпы элге пайдасын тийгизе турган нерсе. Эгер ишкер жарандар болсо, алар салыгын төлөшү керек. Бул миң жылдап келаткан дүйнөлүк практика. 2019-жылы биз жалпы элдик декларацияга өтүшүбүз керек болчу, биз азыр аны 2021-жылга жылдырып жатабыз. Андан башка үч этапка бөлүнөт. Биринчи этабында айлыгынан башка тапкан акчасы бар ишкерлер тапшырсын деп жатабыз. Экинчи этабы 2023-жылы болот, андан кийин 2025-жылы акыркы этапта баардык жарандар декларация тапшыра башташат. 

-- Коррупциянын алдын алуу боюнча кандай таасири бар?

-- Коррупцияны жоюуга түздөн-түз таасир берет. Себеби, 2021-жылдан баштап ким 300 миң сомдон көбүрөөк суммага буюм, же кыймылсыз, кыймылдуу мүлк сатып алса, киреше булагын далилдеп бериши керек. “Мына, салыгын төлөдүм, баары мыйзам түрдө” деп отчет берүүгө тийиш. Коррупцияга аралашкан адам сөзсүз бердеме сатып алат да, биз ошону көрүп турабыз. 

-- Бүгүнкү парламенттеги талкуу декларацияга карата көз караштар бирдей эмес экендигин көрсөттү. Ага каршылар да көп экен. Сиздер элге түшүндүрүү багытында эмне иш алып барасыздар?

-- Эгер айлык эле алган адам болсо, ага декларациянын эч кандай оордугу жок. Болгону айлыгын гана көрсөтүп коёт. Ал эми кирешесин жашырып, салыгын төлөбөй жүргөндөргө, коррупционерлерге коркунуч болот. Ошолор каршы болушу мүмкүн. 

Булак: "АЗИЯnews"

 

Последние новости