www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайда коронавирус чыккан шаарга кирип-чыгууга тыюу салынды. Бул тууралуу кытай басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда бүгүн, 23-январда Кытайда чыккан вирусту жуктуруп алган адамдардын саны 571 га жетип, 95 бейтаптын абалы оор болууда. Ал эми каза болгондордун саны 17ге жетти.
Мындан тышкары, 13 провинциядагы 275 адам жаңы типтеги коронавируска кабылышы мүмкүн деп каттоого алынган. Буга байланыштуу кечээ, 22-январда коронавирус чыккан, 11миллин эли бар Ухань шаарынын Хубэй провинциясына кирип-чыгууга тыюу салынды.
Шаар бийлиги эпидемиялык абалга байланыштуу автобус менен метронун ишин, ошондой эле учак менен вокзалдагы каттамдарды токтоткондугу жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, аталган оору Тайванда, Түштүк Кореяда, Японияда, АКШда жана Таиландда катталды. Ал эми Сингапур, Гонконг жана Австралияда бул ооруга окшош вирус табылган.
Эске салсак, жаңы вирус Кыргызстанга өтүп кетпеши үчүн кыргыз-кытай чек ара бекеттеринде медициналык көзөмөл күчөтүлгөн. 22-январь күнү Бишкектеги "Манас" эл аралык аэропортунда Үрүмчүдөн (Кытай) келген жүргүнчүлөрдү текшерүү иши башталды.
Булак: NazarNews.kg