www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ката жазуу бүгүнкү Билим, илим министринин «кредосуна» айланды. Окуу китептериндеги кетирип жаткан ката тууралуу «бешиктен бели чыккан балдардан» өйдө билет. Орусия президенти Владимир Путин Кыргызстанга иш сапары менен келгенде Орус-кыргыз окумуштуу, илимпоздору чогулуп форум өткөрүшкөн. Мындай уяттуу жерде Билим, илим министри жакшылап көз салып койсо болмок. Бирок, ошол форумда жазылган сөздөр ката жазылып көпчүлүк аны окуган кыргыздар кирерге тешик таба алышпай калышкан.Эми интернетте ката жазылган аттестаттын сүрөтү тарап жатат. Ушул маалыматтан соң  Кудайбердиева уялып кызматтан кетиши керек эле. Эми Унаа, жол же  Каржы министрлигинин документтеринен ушундай каталар кетсе түшүнүүгө аракет жасасак болмок? Арийне, алар деле ката кетирбесин. Элди агартып, окуучуларга билим берүүчү министрликтин ушундай ката кетирип жатканына жол болсун. Аттестат тендер менен басылып чыгарылат. Ага мамлекеттин капчыгынан  ири акча каражаты жумшалат. Эми ушул жараксыз аттестаттар кайрадан басылып чыкса мамлекет канча чыгымга учурайт? Элдин айтымында миңдеген бүтүрүүчүлөрдүн күбөлүгүндө ката чыгыптыр. Бул Кудайбердиеванын биринчи катасы эмес да. Же министрлер ката кетире берсе болобу?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости