www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Биз өнөр жай тармагындагы азыркы потенциалды максималдуу түрдө колдонуубуз зарыл», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-июнда,  өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин биринчи отурумунда.

Мамлекет башчысы белгилегендей, өлкөнүн өнүгүшүндө салттуу түрдө зор мааниге ээ болгон жеңил өнөр жайы жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү сыяктуу өнөр жайдын тармактары бар. Бул багыттар калкты жумушчу орун жана киреше менен камсыз кылган тармактарга кирет. Аталган тармактарды өнүктүрүү — айыл чарба, курулуш, соода-сатык, билим берүү сыяктуу тармактардын өнүгүүсүнө да түрткү берет, өзүнүн салыштырмалуу төмөн капитал сыйымдуулугу менен өзгөчөлөнөт. 

«Эгер биз бул тармактарга мамлекеттик колдоо көрсөтсөк, каржыланган ар бир сомдон көп эселенген жакшы натыйжа ала алабыз. Бул тармактарды кыска мөөнөттө өнүктүрүүдөгү башкы талап болуп — өзү менен кошо сатуу рынокторун, жаңы технологияларды алып келип, келечекте өзүбүздүн өнөр жай потенциалыбызды түзүүгө жардам бере турган инвесторлорду тартуу болуп эсептелет. ЕврАзЭС гана эмес, Кытайдын, Индиянын, Пакистандын, Ирандын эбегейсиз рыногуна мөмө-жемиштерди, сүттү, балды экспорттоо мүмкүндүгү жаралды. Тери менен жүндү кайра иштетүү боюнча долбоорлорду приоритет катары карап жатабыз. Ошондуктан, Өкмөттүн башкы милдети — инвесторго Кыргызстанда пайда табуу мүмкүнчүлүгү жана өзүнүн кызыкчылыгы үчүн жагымдуу бизнес чөйрөнү түзүү болушу керек», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент мамлекет максималдуу жагымдуу шарттарды түзүү менен инвесторлорго өндүрүштү региондорго жайгаштыруу, татыктуу эмгек акы, эмгекти коргоо жана социалдык кепилдиктер сыяктуу өзүнүн шарттарын коюп, өнөр жай өндүрүшүнүн жаңы деңгээлине өтүү менен бирге, Статистика комитетинин маалыматы боюнча дээрлик 24 пайызды, ал эми эксперттердин баалоосунда 29 пайызды түзгөн көмүскө экономиканы мыйзам жолуна түшүрө алаарын белгиледи.

«Биз айыл чарба продукцияларын тереңирээк кайра иштетүүнү камсыз кылган инвесторлорду тартышыбыз керек.       Келечекте жеңил жана тамак-аш өнөр жайы айыл чарба менен көмүскө тармактардагы ашыкча адам ресурстарын өзүнө „сиңире“ турган жана динамикалуу өсө турган тармактардан болот», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости