www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Швецариянын Башкы прокуратасы Өзбекстанга Гүлнара Каримовага таандык 133 миллион долларды кайтарып берет. Аталган акчалар Каримовага байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде катарылганы турат.

“Өзбекстандын Башкы прокуратурасы 6 жылдан бери аягына чыкпай келе жаткан татаал кылмышын тергеп, анда мамлекетке иштөөнү каалаган чет элдик компаниялардан ири суммадагы акчаны мыйзамсыз алган схема болгонун аныктады. Мыйзамсыз акчалар, Швецарияда адалданганы далилденген соң, Өзбекстанга кайтарылууда”, - деп жазат Башкы прокуратуранын расмий сайты.

Швецарияда Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнарага 2012-жылы кылмыш иши козголуп, анын банктагы 784 миллион  доллары камакка алынган.  Ислам Каримовдун тушундагы өкмөт муну кайтарып алалган эмес.

Учурда Гулнара Каримова чет өлкөдөгү байлыгынан баш тартарын айтып, Мирзиёевге кайрылуу жасаган. Анын 686 миллион доллардан баш тартып, “гумандуулук кылуусун” өтүнгөн кайрылуусун кызы Иман Инстаграмм баракчасында жарыялаган.

Г.Каримова алгач 2017-жылы  10 жылга эркинен ажыратылып, кийин ал 5 жылга кыскарган. Каримова азыр жаза мөөнөтүн Ташкент облусундагы №21 аялдар түрмөсүндө өтөп жатат. Бул жайга ал ушул жылдын март айында үй камагынан которулган.

Булак:NazarNews.kg

 

Последние новости