www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алтынга чуулганып жаткан Кыргызстанда алтындын запасы жок. Кумтөрдө жаткан алтын дүйнөдө жетинчи орунду ээлеп 700 тоннадан ашык алтын бар деп баалашкан. Кумтөр менен келишимди балдардын келечегин ойлоп түзгөндө казынабызда алтындын запасы болмок, болжол менен азыркы тышкы карыздарыбыздан кутулуп калмакпыз. Кумтөр менен төрт-беш келишим түзүлгөн. Бары тең канадалык инвесторлор менен кыргыз бийлигинин кызыкчылыгын көздөгөн. Андан тышкары Макмал жана башка кендерибиз бар. 1991-жылы бул жакта да жоболоңдуу кызыктар болгон. Алтын концентраттарын Кара-Балтада аффинаждай турган тоо-кен заводу турса да, алтындарды учак менен Швейцарияга ташый баштаган. Эл эсептеп чыккан көрсө биздин мамлекеттик жана канадалыктардын жеке учагын колдонушуп Бишкектен - Цюрихке он жети алтын ташыган авиарейстер катталыптыр. Документтер боюнча 1 тонна 636 килограмм алтын концентраты Швейцарияга “учуп” кетиптир. Бирок 1 жарым тонна үчүн 17 учак учканы да кызык, эмне алар ар бирине бирден киши түшүп алып бири-бирин коштоп барыштыбы? Ушул алтын жүктү Швейцарияга чейин коштоп жүргөндөр Швейцарияга өткөрүп бергендер Турсунбек Чыңгышов, Аскар Сарыгулов, Санжар Айтматов булардан качан алтыныбызды алып келесиңер деп сурай турган киши жокпу? Булар аларга өткөрүп бергенде салмактардын ортосунда чоң айырма болуптур, булар документтерге аз салмактагы алтынды аффинаждап жатабыз дешкени менен ортодо канчалган алтын капчыктарына түшкөн? Мына андан бери деле отуз жылдай чамалап баратат булардын ана башы Аскар Акаев деле алтынды кайрып келүү тууралуу ойлонуп жүргөндүр. Же Кыргызстанга алтындын кереги жокпу?
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»