www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мискенбаевди качан кууруп жейбиз?

Жогорку Кеңештин депутаты болгонума бир жыл толду. Былтыр 28-октябрда биринчи сессия башталган. Ошол кезде эле, өзүм үчүн бир жылдан кийин депутат болуп калуу, же кадимки турмушка кайтуу жөнүндө чечим кабыл алам деп ойлогон элем. Бир жыл ичинде мен көп нерседен өттүм. Азыркы парламенттин курамындагы депутаттардын көпчүлүгү чынчыл адамдар экени кубандырат. Бир жылда биз өлкөгө абдан керектүү бир катар мыйзамдарды жана чечимдерди кабыл алдык. Мына ушул иштердин баарына катышуу мен үчүн чоң жана жакшы мектеп болду.

Бирок, парламент – бул ар кандай интригалардын жана саясий оюндардын да чордону экенине дагы бир жолу ишендим. Анда көптөгөн кызыкчылыктар кесилишет. Ал эми карапайым элдин арасынан чыккан мен үчүн мунун баары кызыксыз. Мен үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана коомчулуктун көңүл борборунда болуу да көнүмүш эмес.

Акыркы күндөрү мына ушулардын тегерегинде ойлонуп, депутаттык мандатымды тапшырууну чечтим. Депутаттык – мен үчүн эмес экен. Ошондуктан мурдагы коомдук ишиме кайрылууну чечтим. Мен парламентке “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинен келгем. Эми кайра барып, 7-апрелде жабыр тарткандарды коргоо ишин улантам.

Мен бардык шайлоочуларга, өзгөчө менин жердештериме – таластыктарга, менин “Айкөл Ала-Тоо”, “Мекен шейиттери” жана башка коомдук бирикмелердеги үзөңгүлөштөрүмө, Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаттарына, бирге иштешкен башка депутаттарга ыраазычылык билдирем. Сиздер менен бирге колумдан келишинче ак иштедим, партиянын ишенимин актоого аракет кылдым. Башынан түз сүйлөп көнгөндүктөн, парламентте да дайыма ачык, кээде курч сүйлөп жүрдүм. Бирок бул менин позициям.

Өлкөбүздөгү азыркы абалда ар бирибиз “Мен өз өлкөм үчүн эмне жасадым?” деген суроону алдыбызга кабыргасынан коюшубуз керек. Кайда болбойлу, кандай кызматта иштебейли, өз элибизге ак кызмат кылалы. Ал үчүн депутаттыктын кереги жок.

Мен жана менин коомдук иш боюнча жолдошторум Президент Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган саясатын колдойбуз жана ал кишиге кол кабыш кылабыз. Биргелешип, 7-апрелдин идеяларынын жеңиши үчүн күрөшөбүз, деп тээ 2016-жылы Мээрбек Мискенбаев Жогорку Кеңешти таштап чыгып кетти эле.

Ары-бери чолуп сүйлөй бергени менен Мээрбек Мискенбаевдин айткандары саясатта көпчүлүк учурда туура келип калат же оозунда бар же көзү ачык.

Мискенбаевдин сырдуу сөздөрүнө сарасеп салган Нургазы Мусаев, бир аз убакыт мурун Мээрбек Мискенбаев "Кыргыз саясатынан Өмүрбек Бабанов деген ысым өчүш керек!" дегенде, эч ким олуттуу көңүл бурган эмес. Мына эми Өмүке саясат менен кош айтышты. Ушу Мискенбаев деген баланы жакшы баалай албай жатат окшойбуз, деп жазган эле.

Мээрбек Мискенбаев, депутат болуп жүргөндө "Текебаев фракцияларга акараат келтирип... жүрүш-турушу түшүнүксүз болуп жатат. Партияларга, фракциянын лидерлери жана биздин президентибизге да акарааттарды келтирип... Анан кийин мына, өзүңүздөр билесиздер, интернетте жүрөт "Мен эркекмин" дейт. Бул эмне деген сөз? Ушул саясатчынын айта турган сөзүбү? Же өзүнүн эркекчилигин көрсөткөнү - мактаныч иретинде айтып жатабы деп ойлоп жатам. Бул иш өтө сасык иш болду”, деген эле.

Ал тургай кылык жоругу менен күлдүрүп, кээде ирээнжиткен Мээрбек Мискенбаев бир гезитке маек берип, "Сооронбай Жээнбековдун айланасына жакшы эмес адамдар топтолуп жатат. Ал, Алмаз Шаршеновичтин кылгандарын улантып кетпесе, ага алдыдагы 6 жыл оор болот...",-деп эскертүү ирээтинде сын айтканын белгилүү журналист Дайырбек Орунбеков жазып чыккан.

Мээрбек Мискенбаев, NazarNews.kg маалымат агенттигине берген маегинде “Сооронбай Жээнбеков президент боло албайт “тата-пата” дегендер Жээнбековдун камчысын эми чаап, мактап жүрүшөт", деп айтканы бар эле.

Жакында эле мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган жыйында бийликке сын айтып “Азыркы бийлик мыйзам иштеткендин ордуна окуганды билбейт, мен чимкирик парламент менен бир жыл иштегенмин, чимкирик экенин билип туруп кетип калганмын. Булар мыйзам деген эмне экнин билишпейт. Мени мага демектен кууруп жесин” деген сыяктуу сөздөр менен бийликке асылган эле.

Ошо эми күтүп олтурабыз, бийлик Мискенбаевди кууруп жейби же Мискенбаев бийликти кууруп жейби?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости