www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азыркы Кыргызсттанда "бийлик согушу" кадимкидей эле жүрүп жатат. Уят, сыйыт деген улуу жөрөлгөлөрдүн арка - моюндары карс - курс сынып. Жээнбековдун колу менен көздөгөнүнө жетүүнү каалагандардын «Мавр» өз ишин жасагандан кийин кайра Жээнбековдун өзүнө чабуул кое турган «Барборос» планынан кем калбаган схема ийгиликтүү иштеп жаткандай. Бир кездерде Апрель революциясынан алтымыш күн өтүп - өтпөй ошондо Ө. Текебаев:
«Бакиевдин бөлтүрүктөрү кайрадан бийликке умтулушууда» деп чыкканда анда, Камчыбек Ташиев: «ошо бөлтүрүктөр күзүндө карышкыр болуп келиптекени жейт» деп ачуу юмордун тилинде жооп бергениндей ал жылдын күзүндө өткөн парламенттик шайлоодо чындап эле «бөлтүрүктөрдөн» турган партия Жогорку Кеңешкен эң көп мандат алып сап башына чыккан.
Азыр регионалдык кызыкчылыкты эпчилдик менен пайдаланышкан ошол бир топ Кыргыз саясатында каалагандай «танцевать» этип атышат. Алардын кайраштыруусу өз позициясы жок бийликтеги пенделер кошул -ташыл болуп, ал оюндан ажо такыр эле адашып бараткандай түр.
Ия.. чын эле кайсы бир көзү ачыктардын «Кыргыз бийлигин башкаргандар 61 жаштан ашпайт» деген «аксиомасы» анык болуп калабы?, дейт "Айгай" гезити.
Булак: NazarNews.kg