www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин борбордук аянтына чыгып, Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн кытайлык мигранттарды өлкөдөн чыгарууну талап кылган 300дөй киши КТРКнын имаратына барып, эфир талап кылышты.

Коомдук телерадиокорпорациянын жетекчиси Илим Карыпбеков митингчилерге чыгып, "Ала-Тоо 24" каналынан митинг тууралуу сюжет түрүндө жаңылык кетирүүгө убада берди.

Митингчилер "Жерибизди сактайбыз", "Келечек үчүн", "Кытайлар кетсин" деген жазууларды кармап турушат.

Буга чейин ушундай эле митинг борбордук аянтта өткөн. Аянтка чыккан катышуучулар эч кандай уюштуруучулары жок өз ыктыяры менен келгенин айтышты. Катышуучулар митингге Кара-Балтадан жана Бишкектин айланасындагы жаңы конуштардан келишкен.

Өткөн жылдын декабрь айында "Кыргыз чоролору" коомдук бирикмеси Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин алдында тынчтык митингин өткөрүп, Кытайдын Шиңжан аймагындагы тарбиялоочу лагерлерде отурган кыргыздардын абалына тынчсыздануусун ортого салган.

Буга чейин "WatsApp" аркылуу 7-январда Кыргызстандагы кытайлардын маселесине арналган митинг өтө тургандыгы жөнүндө билдирүүлөр тарап келген. Бирок "Кыргыз чоролору" аталган митингге тиешеси жок экенин билдирген.

Бүгүн, 7-январь иш күнү болбогонуна байланыштуу кийинки митинг 17-январга белгиленди. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости