www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир катар мамлекеттик мекемелердин жетекчилери 8 миң сомдон аз айлык алат.

Кыргызстандагы мамлекеттик компаниянын жетекчисинин эң көп айлыгы 98,5 миң сомго жетет. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусу билдирди.

Ага ылайык, мүлктү башкаруу фондусу 99 мамлекеттик компания менен иштейт. Алардын башчылары 7,6 миң сомдон 98,5 миң сомго чейин маяна алышаарын Спутник маалымат агенттиги жазып чыкты.

Мамлекеттик мекемелерде иштегендердин айлыгы төмөнкүчө:

— 28 мамлекеттик ишкананын жетекчисинин айлыгы 10 миң сомго чейин;

— 35 ишкананын башчысы 20 миң сомго чейин;

— 12 компаниянын директорлору 30 миң сомго чейин;

— 10 мекеменен жетекчиси 40 миң сомго чейин;

— 3 компаниянын башчысы 50 миң сомго чейин;

— 7 ишкананын директору 60 миң сомдон жогору.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости