www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарындагы ашканалардын биринде сүйүктүүсүн кызганып, мойнуна жана далысына бир нече жолу бычак сайып жаткан мас кишинин видеосу жарыяланган. Жабырлануучу алган жаракатынан улам өзүнө келбей каза болду. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков билдирди.

Дарыгер буга чейин: "Анын абалы өтө оор. Комада жатат, жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган. Моюндун тамыры кесилип, 4 литр кан кетип калган. Азыр кан куюп жатабыз, кан басымы да түшүп жатат. Мойнунан тышкары далысына жана башка жерлерин сайгылай берген. Жашап кете алат же жок деп айтуу кыйын. Абалы өтө оор”, — деп маалымдаган эле.

Айрым маалыматтарга таянсак, жабырлануучу бычак менен кол салган кишинин жарандык никедеги аялы.

Эске сала кетсек, кечээ, 17-июнда милициянын нөөмөт бөлүмүнө саат 19:50 чамасында Бишкектеги Ден Сяопин көчөсүндөгү мекеменин ичинде бычак кармаган адам элди коркутуп жаткандыгы боюнча маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке тергөө-ыкчам тобу жана патрулдук милиция барган.

"Милиция кызматкерлери мекеменин ичине кирген учурда мас абалдагы адам колуна бычак кармап, аны ары-бери серпип элди коркутуп жүргөн. Мындан тышкары бир аялды кармап алып жанына эч кимди жолотпой жаткан. Биринчи Май РИИБинин 5-бөлүмүнүн башчысы Эркин Жаанбаев ал менен сүйлөшүү аракеттерин көрүп, бычакты таштап, өз ыктыяры менен колго түшүүнү түшүндүргөн. Бирок мас адам баш тарткан.

Эркин Жаанбаев бул адам кармап турган аялды куткаруу биринчи орунда экендигин эске алуу менен мас киши менен кармашып, кармашуунун техникаларын пайдаланып аны куралсыздандырган. Андан кийин ал кармалып Биринчи Май РИИБине жеткирилген", - деп айтылат маалыматта.

РИИБнен мас адамдын аты-жөнү аныкталган. Ал 1984-жылы туулган С.К. Ал эми аялга "Тез жардам" кызматы чакыртылып Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жөнөтүлүп, ал жактан медициналык жардам алган.

Окуя РИИБнин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Эркектин аялды бычактап жаткан учуру делген видеотасма

 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 

«Сводка» (АКИpress) – В Бишкеке задержан мужчина, который взял в заложники свою возлюбленную и грозился ее убить, сообщает @svodka.akipress. ⠀ Примерно в 7 вечера неизвестный мужчина напал на женщину в районе «Шлагбаума» в западной части города. По предварительным данным, он приревновал ее и устроил скандал на улице. Затем мужчина взял ее в заложники и грозился прирезать женщину. ⠀ Очевидцы вызвали сотрудников правоохранительных органов. ⠀ Начальник ГОМ-5 УВД Первомайского района ЭркинЖаанбаев вел переговоры с мужчиной, после чего он и сотрудники патрульной милиции задержали его. ⠀ Как рассказали в ГУВД Бишкека, вызов в милицию поступил примерно в 19:50. Звонившие сообщили, что неизвестный пьяный мужчина на улице Дэн Сяопина угрожал предметом, похожим на нож. ⠀ Задержанного доставили в УВД Первомайского района. Его личность установлена - С.К., 1984 года рождения. ⠀ Сожительница доставлена каретой скорой помощи в БНИЦТО. ⠀ В распоряжении АКИpress оказались уникальные кадры: начальник ГОМ ведет переговоры с подозреваемым, после чего произошел захват и нейтрализация мужчины.

Публикация от Репортёр АКИpress 🇰🇬 (@reporter.akipress)

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости