www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунун Сокулук райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековго акчалай айып салды. Буга чейин Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин мурдагы жетекчиси Бакыт Шаршембиев «кадыр-баркыма шек келтирди» деп Момбековдон 1 миллион сом моралдык кенемте өндүрүүнү талап кылган. Сот жакында Шаршембиевдин арызын негиздүү деп таап, Момбековду Шаршембиевдин пайдасына 25 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди. Эл өкүлү депутат Жогорку Кеңештеги билдирүүсү үчүн жооп бербесин жүйө кылып, соттун чечимине каршы кийинки инстанцияга кайрылганы турат.
Рыскелди Момбеков былтыр октябрь айында Жогорку Кеңеште Бакыт Шаршембиевдин кеминде тогуз кылмыш ишине тиешеси бар экенин айтып, анын ишмердигин текшерүүнү талап кылган. Ал сөз болуп жаткан иштин баары «Кыргызтелеком» компаниясына байланыштуу экенин билдирген.
Момбеков ушундай эле билдирүүлөрдү парламентте Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтүнүн курамы бекитилип жатканда, андан кийин парламенттин комитеттеринин жыйындарында да бир нече жолу жасаган.
Эл өкүлү соттук отурумдарга өзү катышкан жок. Эми райондук соттун чечимине каршы кийинки инстанцияга кайрылганы турат. Ал сотто анын кыргызча билдирүүлөрүнө орус тилинде соттук экспертиза жүргөнү, сотто парламентте сүйлөгөн сөзү эмес, айрым сайттарга чыккан маалыматтар каралганы боюнча жүйөлөрүн келтирди. Ошондой эле Шаршембиевге байланышкан кылмыш иштери боюнча маалыматты ал кызматтык кат алмашуу аркылуу Коопсуздук кеңешинен алганын айтты.
«Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевдин каты бар. Анда сегиз кылмыш иши боюнча фабула, тогузунчу кылмыш иши жөнүндө маалымат бар болчу. Мен ошону айтсам анан кантип мазактаган болом? Ошондуктан мени эмес, Дамир Сагынбаевди жоопко тартыш керек болчу. Анткени маалыматтын булагы Сагынбаев болуп жатпайбы. Сотто ар тараптуу иликтөө болгон эмес. Андан тышкары "Маалыматты каяктан алдың? Момбековдун сүйлөгөн стенограммасы кыргызча экен, кыргызча экспертиза жүргүзүлсүн" деген талаптар болгон жок да. Менин жактоочум өтүнүч келтирсе бирөөнү да канааттандырган эмес».
Башкы прокуратура май айында «Кыргызтелеком» ишканасына байланыштуу сегиз иш боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылганын жарыялаган. Анын ичинен алты иш тергелип жатса, экөө токтоп турганы белгилүү болгон. Момбеков Коопсуздук кеңешинин маалыматына таянып, мына ушул кылмыш иштеринен бюджетке 1 миллиард сом зыян келгенин айтып жатат.
Бакыт Шаршембиев сөз болуп жаткан иштердин ичинен бир иш боюнча санариптик телеберүүгө байланыштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финансы полициясы) күбө катары суракка чакырылганын ырастады.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»