www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азыркы өкмөттүн сааты чыгып баратканы коомчулуктагы жаралган пикирлерден даана байкалып турат. Ал тургай садагага чабылчу Абылгазиевдин ордуна ким келери тууралуу шыбыштар шытырап чыга баштады. Бири Канат Исаев тапталып жатыптыр десе, экинчиси жок ага караганда Турдуназир Бекбоевдин кадыры өйдө деп безилдейт. Чынында эле экинчисинин арты таза дегенге негиз бар. Анын үстүнө Канатка салыштырмалуу көп кызматтарда болуп, анын аки-чүкүсүн билип калган. Ошондуктан Бекбоевдин талапкерлиги туура.
А чындык тарапка келсек ушул ирет баягы эле “ак кызматы” аркылуу эпчилдик кылгандарды президент жанына жолотпой койсо жакшы пикир жаралмак.
Маселен, эмне үчүн такшалып калган Темир Сариевди өкмөт башчылдыкка алып келүүгө болбосун? Анын дарамети канчалык экендигин сыноодон өткөрүп көрбөдүк беле? Болбосо качан да болсо экономиканын тишин чакмакмын деп жүргөн Темир Асанбековду таразага салып көрсүн? Таалатбек Масадыков деле мамлекеттик ишке келсе жаман болбос эле? Ал эми Мадумаровго бул кызмат эч убакта берилбейт.
Себеби, ал ажого да баш бербей өз билгенин кылары ачык. Ким билет капыстан самындай болуп жылмышып бүткөн Акылбек Жапаров келип калышы ыктымалбы?
Анткени мурдагы белгилүү бийликтин “отряд башчыларынан” эмеспи.
Айтор, ушул тапта президентттин көңүлү айттагыдай эмес. Көкүрөгүн түркүн түстөгү ойлор чулгап турат десек оң келет. Өкмөт башчылык орун заматта берип салгыдай “коон” эмес да, - дейт Ачык сөз гезити.
Булак: NazarNews.kg