www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

14-февралда кыргызстандык таксист катышкан окуя катталганын "Readovka" телеграм каналы маалымдады.

Маалыматка ылайык, "Geely" үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жаткан Чечен Республикасынын жараны менен 26 жаштагы кыргызстандык таксист жол талашып кетишкен. Окуя унаанын видео камерасына тартылып калган. Видеодогу кадрларда чечен жараны унаанын жолун тороп, айдоочу менен айтышып, ачык терезеден бир нече жолу ок чыгарганын көрүүгө болот. Окуядан соң ал из жашырып качууга үлгүргөн.

"Аргументы и Факты" гезити маалымдагандай, полиция кызматкерлери бул факт боюнча 39 жаштагы шектүүнү колго түшүрүп, анын жанынан травматикалык тапанчаны табышкан. Текшерүүдө анын куралды алып жүрүүгө уруксаты болгону аныкталган. Жабырлануучу оорукан жеткирилген.

Последние новости