www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Сапат" лицейинин мугалими Азамат Нурматов тууралуу маалымат түшкөндөн кийин Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери дароо Түркиянын укук коргоо органдарына кайрылып, тиешелүү иштер жүрүп жатканын тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев бүгүн, 28-апрелде парламенттин эл аралык комитетинин жыйынында билдирди.
«Алдын ала маалыматтар боюнча, 2016-2017-жылдары төңкөрүш болгон кезде Азамат Нурматов жатаканада жашап, Фетхуллах Гүллендин тарапташтары колдонгон мобилдик тиркемени колдонгон. Ал Түркияда издөөгө алынган жана ошонун негизинде кармалган», — деди ал.
Бул маселе көзөмөлгө алынып, Тышкы иштер министрлиги Нурматовдун жактоочусу жана жакындары менен байланышта. «Жакынкы күндөрү ага жакындары телефон аркылуу байланышат деп күтүлүүдө»,— дейт Имангазиев.