www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурда «Мугалим мөмөлүү дарак» деп айтылаар эле. Анан калса келечек муундарга билим берген билим берүү тармагынын кызматкерлери өзгөчө, ардактуу деп бааланчу.
Тилекке каршы ушул олуттуу маселе биздин Кыргызстанда бүгүнку учурда сазга тыгылгандай эле абалда калды. Кыргызстандагы келечек муундарды тарбиялоого болгон абал, билим берүүнүн таптакыр төмөн түшүп кетиши азыркыдай абалга кептелип көргөн эмес. Кезинде азыркы ажо өзүнүн шайлоо компаниясындагы эң негизки максаттарынын бири мугалимдердин айлык-маяналарын көтөрүү болгон.
Эл менен, мугалимлер менен жолукканда узун-узун убадаларын айткан. Бирок, ал убадалар алигиге чейин сөз жүзүндө эле калып келе жаткандай...
Билим берүү демекчи, кошуна Өзбекстанда учурда мектеп мугалимдерине болгон камкордукту өлкөнүн эң башкы милдеттеринин бири баалап келишет. Өткөндө аталган өлкөнүн парламентинде мугалимдердин статусун өзгөчө көтөргөн мыйзам долбоору да кабыл алынып, президенти, өкмөтү, баш болуп коюлган маселени реалдуу ишке ашырууга киришти.
Бул тууралуу Өзбекстандын «Халк сузи» маалымат булагы да жакында Шавкат Мирзиеевдин «Биз билим берүү жаатындагы маселени, айрыкча мектеп мугалимдеринин социалдык маселелерин, алардын эмгек акыларын ар дайым көңул борборубузга алып, аларга жетиштүү шарт түзүп берүүнү токтотпошубуз керек. Жакшы билимсиз өлкөнүн өргө чыгуусу мүмкүн эмес» деген маанайдагы билдирүусүн жазып чыгышты. «Газета Уз» маалымат басылмасы болсо мамлекет Мирзиеев мектеп мугалимдерин айлыгын 1000 долларга чейин жогорулатаары тууралуу билдирүүсүн таратты.
Булак: "Айгай пресс"