www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин акеси Жусуп Шариповду кудайга теңеп жаткандар көп. Акаевдин заманында Кантөрө Токтомамбетов компартияда инструктор болуп жүргөн үкасын түртүп жүрүп Ошко мэр кылат, анан Акаевдин көзүнө чалдыктырып Ысык-Көл, Жалал-Абадка губернатор кылат. Бакиев менен президент талашам деп чалынат, ал эмес бир тууган үкалары Атамбаев колдогон Куловду колдоп кетишет.

Эми бул деле Украинада элчи болуп карап жатып алган жок, кайын-журту Асылбаштын адамдары кыргыздын асыл тукумдуу атка минерлерине айланган. Жакшы көргөн кайниси Азиз Суракматов  Балбак Түлөбаевге мурдунан жетелеткени болбосо Бишкектин мэри. Өз күйөө баласы Каниметов Адыл Жангорозович Караколдун мэри, Ысык-Көлдүн губернаторлору баш болуп ийилип турушат.

Жусуп Шарипов эски шефи экс-президент Аскар Акаевге барып жолугуптур деген каңшаар чыгып жатат. Бул эмнени түшүндүрөт?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости