www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Сары кыздын "калыңы" төмөндөдү...

Ысык-Көл облусунун Тоң району өздөрүнүн экологиялык жактан эң таза делген абрикостору менен сыймыктанып, бул жемиш элет тургундарынын социалдык корзинасына чоң колдоо болуп келген.

Тоң районунда абрикос бышканда толгон токой машинелер келип ар бир киллограмм абрикосту 50 сомдон кем эмес баада дүңүнөн сатып кетишээр эле. Абрикос бышкан маалда Тоң району менен аркы Жети - Өгүз районунун тургундары шаан - шөкөт менен «Сары кыздын тойу» деп ар жыл сайын атайы фестиваль дагы уюштурушаар эле. Быйыл негедир алардын маанайы пас. Абрикостун азыркы баасы 35 сомдон ашпай жатканын айтып кейишүүдө.

Жергиликтүү элдин арасында «Атамбаевдин убагында мындай болчу эмес» деп үшкүрүнүп жүргөндөрү канча. Былтыр болсо ушул эле көлдүктөр «энеме ишенип атып эрсиз калдым» дегендей өкмөткө, айыл-чарба министирлигине ишенип атып, картошкаларын сактап отуруп, ишенген айыл-чарба министирлигинен болсо майнап чыкпай акыры чирип кеткен картошкаларды тонналап талаага төгүштү го. Кайран эл дагы сабырдуулук кылышты, бирок, эмгектери таалага кетип буркураган бойдон кала беришпедиби, - дейт "Фабула" гезити.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости