www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу достор, акыркы күндөрдө биригүү жөнүндө өтө көп сөздөр болууда. Ким гана болбосун жакшы турмушту куруу үчүн биригели, лидер табалы дешет. Мен ошол сунуштардын баарын окуп, ой бөлүшкүм келди. Жеке эл ой бөлүшпөстөн Президентибиз Сооронбай Шариповичке, силерге досторум, жалпы кыргыз элине кайрылам.

Азыркы Кыргызстанда түзүлгөн коомдук-саясий система кыргыз элинин эзелтеден келаткан, кыргызды миңдеген жыл сактап келген каада-салтын, үрп-адатын, адабиятын, маданиятын сактап, өркүндөтө албай калды. Демек ошону жасай турган системаны куруу керек экен. Ал Курултай системасы. Ошол Курултай системасын Конституцияга киргизүү менен жаңы коомдук саясий түзүлүш пайда болот. Эл лидер издеп убара болбой эле, ушул идеянын тегерегине бириксек деген сунуш. Курултай системасы деген - бул чыныгы элдик бийлик, анын туруктуу көзөмөлү жана бийлик органдарынын, чиновниктердин (Президенттен баштап айыл башчыга чейин) ошол курултайларга жоопкерчилиги. Мына ошондо гана азыркы гүлдөп өскөн коррупциядан кутулабыз, анткени ал коррупция менен жеке эле атайын органдар эмес, жалпы эл да күрөшүп калат. Ошондой эле жалпы эл шайлоодо эле керек болуучу бийлик булагы эмес, бийликтин чыныгы ээси болот. Мына ушуну түзө турган жаңы Конституциянын долбоору даярдалды, ага кошумча жаңы шайлоо жөнүндө мыйзам, административдик-территориялык өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорлору да даярдалды. Бул долбоорлорду дагы толуктоо үчүн Коомдук конституциялык кеңешменин курамы да түзүлгөн. Сентябрь айынын 12-синде кезектеги конференция болуп, бул кеңешменин курамын көбөйтүп, жүздөн ашыралы деп турабыз. Бардык катышууну каалагандарга эшик ачык. Бул конференцияда даярдалган долбоорлорду талкуулоо, ал текстке алымча-кошумчаларды алуу менен негизинен макул болуу үчүн жалпы элдик курултай чакыруу маселеси да көтөрүлмөкчү. Бул талкууга Кыргызстандын Президенти Сооронбай Шариповичти да чакырабыз. Негизги максат талкууну баштоо жана ага бийликтин катышуусу. Курултайдан кийин эгер ЖК колдобосо, референдум өткөрүү үчүн 300 миң кол тамга топтоо маселеси башталат. Мына, туугандар, достор, ушул иш жүрүп жатат. Кыргыз үчүн, анын келечеги үчүн куйгөндөргө, жөн гана кайдыгер эместерге ушундай кайрылуу.

Сиздерди терең урматтоом менен Мукар Чолпонбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости